29- Март 1950 -жылы
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев төрөлгөн
"Кыргызстанды сактоо үчүн" кыймылынын төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында төрөлгөн.
Мукар Чолпонбаев юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи. Мукар Чолпонбаев жогорку окуу жайлар үчүн "Гражданское право", "Право интеллектуальной собственности", "Законодательство о дисциплине труда" окуу китептерин жазган. Ошондой эле 16 илимий макаланын автору.