9- Апрель 1945 -жылы V чакырылыштагы "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаев туулган
V чакырылыштагы "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаев Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Ак-Турпак айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн. Медицина илимдеринин доктору, профессор.
Эмгек жолун Республикалык медициналык окуу жайын аяктагандан кийин 1965-жылы №168-дарыкананын башкаруучусу болуп баштаган.
Ал эми 1965-1968-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
ЖОЖду аяктагандан кийин 1974-жылдан баштап КММИнин улук лаборанты, аспиранты, Кыргыз Республикасынын кардиология ИИИнин улук илимий кызматкери, бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Манас” долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси, Кардиология жана терапия улуттук борборунун директорунун орун басары болгон.
2000-2005-жылдары №24-Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болгон. Жогорку Кеңештин Ден соолукту сактоо, аялдардын жана жаштардын иштери боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу иштерин координациялоо боюнча Консультативдик кеңештин мүчөсү болгон.
2010-жылдын апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу, “Ата Мекен” партиясынын Баткен областы боюнча төрагасынын орун басары, ал эми 2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын 17-декабрына чейин Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткарган. Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү болгон.
Ташполот Балтабаев СССРдин Саламаттыкты сактоонун отличниги, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Ташполот Балтабаев илимдин 6 кандидатын даярдаган. 150дөн ашык илимий иштерди, бир монографияны жарыялаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан