18- Апрель 1892 -жылы
Польшанын белгилүү саясатчысы Болеслав Берут туулган
Польшанын белгилүү саясатчысы, Польшанын 4-президенти Болеслав Берут туулган.
1912-жылы революциялык кыймылга активдүү катышкан. 1918-жылы Польшанын Коммунисттик партиясы түзүлүп, анын активдүү мүчөсүнө айланган. Ошол убактан тартып саясатта өзүнүн активдүүлүгүн көргөзүп, 1947-жылдын 5-февралында Польшанын 4-президенти болуп шайланып, 1952-жылдын 22-июлуна чейин өлкөнү башкарган.
Болеслав Берут 1956-жылы 12-мартта Советтер Союзуна расмий сапары мене келип, түшүнүксүз жагдайда Москвада каза болгон. Анын табышмактуу өлүмүнүн түйүнү чечилбей калган.