16- Апрель 1955 -жылы
Музыканын рэп багытынын негиздөөчүсү Кул Герк туулган
Музыканын рэп багытынын негиздөөчүсү Кул Герк Ямайканын Кингстон шаарында туулган. Анын толук аты-жөнү – Клайв Кэмпбелл.
Клайв үй-бүлөдө алты баланын эң улуусу болгон. Ата-энеси 1967-жылы Ямайкадан Бронкска көчүп келишкен. Клайв үчүн башка жерге отурукташуу оор болгон. “Чужак” деп көчөнүн балдары алгач өздөрүнө кошпой коюшкан. Музыкага жакын өспүрүм көчөдөгү балдарды өзүнүн музыка жандуулугу менен тартып алган. Анын жашоодогу болуп жаткан көрүнүштү ритмге салып сүйлөгөнүн көпчүлүк жактырып, акырындап тил табышып кетишкен. Кийинчерээк ал түнкү клубга ди-джей болуп орношуп, рэпти өзгөчө музыкалык стиль катары өнүктүрүүнү чечип, жаралган ырларды кара терилүүлөр уккан радиолорго тараткан. Ошентип көпчүлүккө тарап, өнүгүп, музыканын рэп багыты негизделген.