
Орусиялык ырчы Валерия Орусиянын Аткарск шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Ошол эле туулган жериндеги музыкалык окуу жайдын фортепиано бөлүмүн аяктаган соң, 1985-жылы Москвага көчүп келип, Гнесин атындагы Музыкалык академияга тапшырып, белгилүү ырчы Иосиф Кабзон менен элге кеңири таанылган актриса Гелена Великановадан таалим алган. 1992-жылы Валериянын биринчи альбому англис тилинде жарык көргөн. Бул альбомду жарыкка чыгарыш да болочоктогу ырчыга оңойго турган эмес. Виталий Бондарчук менен Ричардо Тейлстин жардамы көп тийген, тактап айтканда, алардын материалдык колдоосу менен Лондондон, Мюнхелден барып жаздырып келген. Бул англис тилиндеги альбому Европанын көпчүлүк бөлүгүнө шамалдай тараган.
Өзү ата-энесинен алыста жүргөнү менен, алардан ар дайым моралдык жана материалдык жардам алып, каражат жагынан көп деле кыйналбастан, альбом чыгарууга, ыр жаздырууга, клип тарттырууга толук мүмкүнчүлүгү болгон.
1993-жылы Орусиянын журналисттери тарабынан ырчынын орус элинин эстрадасына кошкон салымы эске алынып, эмгеги бааланып, "Жылдын мыкты адамы" наамы ыйгарылат. Мындай көңүл буруу Валерияга дем берип, чыгармачылыгы бир топ өркүндөп, 1999-жылы "Эң мыкты ырлар" деген экинчи альбому жарык көрүп, анын ичинен "Ты где-то там", "Не обижай меня" деген ыры узак убакыт хит-параддардын туу чокусун ээлеген.
Валериянын бул жетишкен ийгиликтеринде продюсери, ошол эле убакта жолдошу Александр Шульгиндин эмгеги өтө чоң болгон. Себеби ырларынын дээрлик баарынын сөзү же обону жолдошуна таандык болгон. Кийин түгөйлөр эки башка жолго түшүп, 2003-жылы Шульгин аркылуу экөөнүн ортосунда келишим сот аркылуу бузулгандан кийин гана ырчы Иосиф Пригожин менен чогуу иштешүү жөнүндө жаңы келишим түзүп, сахнага кайтып келген.