2012-жылы Мароккодо өткөн самбо боюнча мелдеште Дүйнө чемпиону аталган Эркинбек Үмөталиев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1-Май айылында туулган. 1979-жылы Талас шаарына барып, ал жактан спорттогу алгачкы кадамын таштаган. Алгач өспүрүмдөр арасында облустук, республикалык, союздук мелдештерде күрөшүп ийгиликтерди жаратса, кийин чоңдор арасында Азия биринчилигинде, эл аралык мелдештерде күрөшүп дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.