20- Апрель 1980 -жылы
Орусиялык рэп-ырчысы Баста туулган
Орусиялык рэп-ырчысы Баста Ростов-на-Донуда туулган. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле музыкалык мектептен да билим алып, кийин музыкалык училищеде дирижёрлукка окуган. Дал ошол убакта Баста музыканын хип-хоп түрүнө кызыгып, ал эми 15 жашында рэп жаза баштаган. Баста 17 жашка толгондо өзү рэп окуй баштап, дал ошол убакта өзүнүн алгачкы "Шаар" ("Город") аттуу ырын жаздырган.