15- Апрель 1989 -жылы Англиянын Шеффилд шаарынын стадионунда футболдук матч учурунда тыгын болуп 96 адам каза болгон
Англиянын Шеффилд шаарынын стадионунда футболдук матч учурунда тыгын болуп 96 кишинин өмүрүн алып кеткен. 
Ошол күнү "Хиллсборо" стадионунда "Ливерпуль" жана "Ноттингем Форест" командаларынын ортосундагы оюнду көрүүгө келген адамдардын саны өтө коп болгон. Турникеттердин жанында адамдар көп болуп, тыгындын алгачкы белгилери билингенде коопсуздукту көзөмөлдөгөн полиция башчысы оюнга келгендерди билеттерин көтөрүүнү суранган. Көпчүлүгүнүн билеттери бар болгондуктан, баарын текшерүүсүз коё берүү чечимин чыгарган. Толгон стадиондун алдынкы орундарында отурган көрүүчүлөр темир тосмолорго кысылып, думугуп калышкан. 
Полиция кызматкерлери көрүүчүлөрдү оюн талаасына чыгууну көздөп жатышат деген ойдо болушкан. Оюн 6-мүнөттө токтоп, 82 адам стадиондо, 14ү ооруканада каза болгон. Каза болгондордун арасында эң кичүүсү 10, улуусу 67 жашта болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан