Кезинде "кримавторитет" кийинчерээк легалдашып саясатка аралашып, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган, эл оозунда Робин Гуд атка конгон Рысбек Акматбаев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Советтик армиянын катарында десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келгенден кийин ал Дене тарбия институтуна тапшырган. Аталган окуу жайды аяктаган соң ошол эле жерде бокс кафедрасында машыктыруучу болуп эмгектенип жүргөн. 1986-жылдын декабрында Алматыда өткөн казак жаштарынын улуттук өз алдынчалыгына умтулган митингине катышканына байланыштуу КГБнын "улутчул" деген тизмесине илинген. Ал эми 1988-жылы "рэкетчилик менен алектенди" деген айып тагылып, камакка алынган. Ошондон тартып ага "кылмышкер" деген ат жабышкан.