2-дүйнөлүк согуштун башкы уюштуруучусу, үчүнчү Рейхтин башчысы Адольф Гитлер Австриянын Браунау-на-Инне шаарчасында бажы чиновнигинин үй-бүлөсүндө туулган. Ал орто мектепти аяктагандан соң Вена көркөм академиясына эки жолу тапшырган, бирок анысы ийгиликсиз болгон. 1914-жылы Гитлер бавария армиясына ыктыярчылардын катарына полктун байланышчысы болуп кирген. Батыш фронтто 4 жыл болуп, эки жолу жаракат алган, ошентип каармандыгы үчүн 1-2-класстагы Темир Крест менен сыйланган жана ефрейтор наамын алган.
Гитлер согуштан кайтып келгендин кийин 1919-жылы Мюнхенде "Немис Жумушчу партиясына" кирет. Кийин аны башкарууну өз колуна алганда ал партиянын атын "Улуттук-социалисттик Германиянын жумушчу партиясы" деп өзгөртөт. 1923-жылы 8-9-ноябрда Мюнхенде төңкөрүш жасоону баштап, өз партиясынын бийлигин бүт Германияга орнотуу үчүн Берлинге аттанууну көздөгөн. Бирок козголоңчулардын аракети ишке ашпай, 9 нацист каза болгон. Гитлер кармалып, 5 жылга кесилип, Ландсберг түрмөсүндө бир жыл отурган. Ошол учурда ал өзүнүн "Менин күрөшүм" аттуу мемуарын жазып, анысы улутчул-социалисттик кыймылдын "Библиясы" болуп калган. Фюрер дүйнөгө үстөмдүк кылуу боюнча “улуу германиялык раса” теориясын жазган. Төмөнкү еврей расасы Германия элинин душман катары көрүлүп, аларды жок кылууга тийиштигин айткан.
1924-1928-жылдары Гитлер НСДАПты адегенде Баварияда, анан массалык жалпы германиялык уюмга айланта алган. 1933-жылы 30-январда Гинденбургдун президенти Гитлерди эң ири партиянын лидери катары Рейхстагда канцлер кылып дайындаган. Ошентип, 1934-жылдын 2-августуна чейин өзүнүн пландарын ишке ашырып отуруп, президенттин өлүмүнөн соң Гитлер канцлер менен президенттик постту бириктирип бийликти колго алган. Башкы бийлик фюрер титулун берип, ал бир гана НСДАПтын гана башчысы эмес, бүткүл Германиянын башчысы болгон. Гитлер Германиянын ремилитаризациялоосун ишке ашырып, Рейхстагдан өзгөчө тапшырма алып, согушка даярдана баштаган. Германияда тоталитардык режим орногон.
Гитлер 1935-жылы Версал келишиминдеги курал чыгарууга коюлган чектөөлөрдөн баш тартып, аскердик авиация, суу астындагы флот, линкор түзө баштаган. 1939-жылы, 23-августта Гитлер СССР менен кол салбоо боюнча келишим түзүп, анда эки тоталитардык империянын арасындагы Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрү жана Польша бөлүктөрү да каралган. Англия, Франция 3-сентябрда Германияга согуш ачкан, бирок Батыш фронтто анча деле активдүү аракеттер жүргүзүшкөн эмес. 1940-жылы Фюрер Францияны талкалаган, 1941-жылы 22-июнда Советтер Союзуна кол салган. Ушундан кийин массалык түрдө улутчулдар еврейлерди кыра баштаган. Каза болгондордун саны 6 миллионго чейин жеткен.
1945-жылы Рейхтин абалы өтө начарлап калгандыктан Гитлер Берлинде калып, советтик аскерлер рейхканцеларияга бут койгондо өзүнүн жанын кыюуну ойлогон. Ал 1945-жылы 30-апрелде аялы Ева Браун менен чогуу атынып өлгөн. Гитлердин керээзи боюнча, аялы Ева Браун экөөнүн сөөгү өрттөлгөн. Алардын сөөгүнүн күлү “Смерш” офицерлери тарабынан табылып, 1970-жылдары түп орду менен жоготулган.