4- Апрель 2013 -жылы
Кыргыз режиссёру Елизаветта Стишованын “Чайка” даректүү тасмасы Москвада өткөн эл аралык фестивалда 3 сыйлыкка татыктуу болгон
Кыргыз режиссёру Елизаветта Стишованын “Чайка” даректүү тасмасы Москвада өткөн “Ыйык Анна” аттуу эл аралык фестивалда 3 сыйлыкка татыктуу болгон. Аталган тасма “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты сценарий” жана “Эң мыкты оператордук чеберчилик” аттуу наамдарды жеңип алган. "Айтыш фильм" киностудиясынан тартылган 30 мүнөттүк бул даректүү тасмада Талип аттуу мугалим тууралуу баяндалган.