Москва шаарында чек ара кызматкерлери арасында Макаров тапанчасынан ок аттуу
боюнча эл аралык мелдеш өтүп, анда Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү 2-орунду
ээлешкен. Мелдешке Кыргызстан, Абхазия, Армения,
Ооганстан, Беларусь, Казакстан, Молдова, Монголия, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстандын чек арачылары катышышкан.