26- Март 2013 -жылы Польшада өткөн чуркоо боюнча дүйнөлүк чемпиондукта кыргызстандык Адилет Кыштакбеков 92-орунга ээ болгон
Польша өлкөсүнүн Быдгощ шаарында өткөн чуркоо боюнча дүйнөлүк чемпиондукта кыргызстандык Адилет Кыштакбеков 92-орунга ээ болгон. Мелдешке 102 жөө күлүк катышып, Кыштакбеков 12 чакырым аралыкты 38 мүнөт 37 секундда басып өткөн. Ал эми 1-орунга кениялык жөө күлүк Жафет Корир ээ болгон. Ал аталган аралыкты 32 мүнөт 45 секундда басып өткөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан