Вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кызматтан убактылуу четтеп туруу боюнча арыз жазган. Шамиль Атаханов "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин иши иликтенип бүткүчө кызматын тапшырып туруу чечимин кабыл алган. Буга чейин "Батукаев чет өлкөгө учуп кеткен учакты Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетектеген компания тейлеген" деп депутат Жоомарт Сапарбаев айтып чыккан.