18- Апрель 2013 -жылы "Кримавторитет" Камчы Көлбаевдин соту башталган
"Кримавторитет" Камчы Көлбаевдин үстүнөн сот иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда башталган. Айыпталуучунун жактоочусу Сергей Манукян сот жыйынына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн катыштырбоону суранып, "ММК аркылуу айыпталуучунун жашаган дареги жана өзү тууралуу кенен маалымат элге тарап кетсе, анын жакындары, туугандары үчүн кооптуу жагдай жаралат" деп билдирген. "Ошондой эле ММКлардын сот жыйынына катышуусу айыпталуучунун Конституциялык укуктарынын бузулушуна шарт түзөт" деп кошумчалаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан