17- Апрель 2013 -жылы
Мамлекеттик унаа жана суу транспорту агенттигинин башчысы ЭмилбекТаштаналиевдин кызматтан бошотулушуна нааразы болгон айдоочулар Бишкекте митинг өткөрүшкөн
Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Мамлекеттик унаа жана суу транспорту агенттигинин башчысы Эмилбек Таштаналиевдин кызматтан бошотулушуна нааразы болгон айдоочулар Бишкекте митинг өткөрүшкөн. Алар Таштаналиевди ордунда калтырууну суранышкан, бирок чогулгандарга чыгып жолуккан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев алардын талабын өкмөт аткара албай турганын билдирген. Ошондой эле Эмилбек Таштаналиевди негизсиз эч ким кызматтан бошотпогонун, анын кызматтан кетишине өз ишине болгон жоопкерчиликтин жоктугу себеп болгонун, айрым нормативдик актыларды бузуп, жумушуна шалаакылык кылгандыгын белгилеп, атайын түзүлгөн комиссия аны бошотуу чечимине келгенин Сарпашев кошумчалаган.