8- Июль 1957 -жылы
УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев төрөлгөн
Мамлекеттик ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев Чүй областынын Кемин районуна караштуу Бурулдай айылында төрөлгөн.
1978-жылы СССРдин ИИМине караштуу Караганда жогорку мектебин, 1987-жылы укук таануу боюнча СССРдин ИИМинин академиясын аяктаган.
Кеңешбек Дүйшөбаев 2005-жылдын 23-24-март күндөрү вице-премьер жана ички иштер министри болгон. Ал эми 2010-жылдын 7-апрелинен тартып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп иштеген.