Франциялык модельер Жан-Поль Готье Парижде төрөлгөн. Жан-Поль Готье атайын билими жок модельерлердин катарына кирген. Ал бала кезинде өзү тарткан сүрөттөрдү Париждеги белгилүү кутюрьелерге жөнөтүп, 18 жашында Пьер Кардендин мода үйүнө кабыл алынган. Ал эми 1976-жылы өзүнүн биринчи коллекциясын алып чыккан.