28- Апрель 1989 -жылы
"Тамашоучу" Эмил Эсеналиев туулган
"Ак-Өргө city" командасынын оюнчусу, "тамашоучу" Эмил Эсеналиев Нарын районундагы Он-Арча айылында туулган.
Бишкек шаарындагы "Ак-Өргөө" конушунда жашап, ал жактагы достору менен "Тамашоу" долбооруна катышуу максатында "Ак-Өргө сity" командасын түзүшкөн. Ал команда 2008-жылы 1-ноябрда "Тамашоунун" алгачкы оюнуна катышып, Эмил Эсеналиев 2-оюндан тарта аралаша баштаган.
"Тамашоудон" сырткары Эмил Эсеналиев алпаруучулук, актёрлук менен да алектенип, "До+Фа", "До+Фа-2", "Пентхаус", "Мачо", "Сюрприз", "Көк бөрү" тасмаларына тартылган.