23- Апрель 2011 -жылы Япониялык ишкер Норио Ога каза болгон
Компакт-дискти ойлоп тапкан япониялык Норио Ога оор дарттан улам 81 жашында Токиодо каза болгон.
Япониялык ишкер 1930-жылы 29-январда Япониянын Нумадзу аттуу жеринде туулган. 1948-жылы Токиодогу Улуттук университеттин музыкалык факультетине тапшырган. Ошол убакта "Sony" компаниясынын негиздөөчүлөрү Акио Морито, Масару Ибукалар менен таанышып, механикага болгон кызыгуусу арткан. Бирок 1953-жылы музыкалык окуу жайды опера ырчысы жана дирижёр кесиби боюнча аяктап, опера ырчысы болом деген үмүт менен Берлинди көздөй жөнөгөн. 1957-жылы Берлиндеги искусство институтун аяктап, мекенине чыгармачылыгын өнүктөрүү максатында кайткан. Бирок Акио Морито "Sony" компаниясында иштөөгө көндүргөн. Ал эми 1964-жылы ал компаниянын директорлор кеңешинин катарына кошулган. 1972-жылы компаниянын жетектөөчү директору болсо, 1976-жылы компаниянын президентинин орун басары, ал эми 1982-жылы Акио Моритонун ордуна президент болгон. 
Биринчилерден болуп үн жаздырууга кадамды Норио Ога жасаган. Ошондой эле Норио Ога "Филипс" компаниясы менен келишим түзүп, компакт-дискти чыгарууга багыт алган. 1988-жылы Норио Оганын күчү менен АКШнын үн жаздыруучу CBS Records лейблы сатылып алынып, Sony Music Entertainment деп өзгөртүлгөн. Ал эми кийинки жылы америкалык "Columbia Pictures" киностудиясын сатып алган. 1994-жылдан 2003-жылга чейин "Sony" компаниясын жетектеп келген. Бирок Норио Ога музыкалык кесибин унутта калтырган эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан