22- Апрель 2013 -жылы АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга айыпталып жаткан Жохар Царнаев эсине келип, сурак берген
АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга айыпталып жаткан Жохар Царнаев эсине келип, сурала башталган. Бирок ал сүйлөй албагандыгына байланыштуу жазуу аркылуу көрсөтмө берген. 
15-апрелде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган деп шектелип, Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң милиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. 
Тамерлан Царнаев 1986-жылы Чеченстанда, Жохар Царнаев 1993-жылы Кыргызстанда төрөлгөн. Алар 2001-жылга чейин Кыргызстанда жашап, андан соң Түркияга, 2003-жылдан кийин АКШга көчүп кетишкени белгилүү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан