АКШнын Бостон шаарындагы эл аралык марафондун жүрүшүндө бир нече жардыруу болгон. Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган деп шектелип, Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң милиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган.