Бишкек убактысы боюнча саат 06:02де Кытайда күчтүү жер титирөө катталган. Табият кырсыгы адам өлүмү, кыйроолор менен коштолгон. Айрым маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 37, жаракат алгандар 600 адамдан ашкан. Зилзала Кытайдын батыш тарабындагы Сычуань провинциясында орун алып, күчү 7 баллга жеткен.