Бишкектеги “Аккула” ат майданында коомдук ишмер жана каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналып көк бөрү боюнча мелдеш аяктаган. Оюндун финалдык беттешинде Чүйдүн “Суусамыр” жана “Бөрүлү” командалары улак талашып, 4:3 эсебинде “Суусамыр” командасы жеңүүчү болгон. 2-орунду “Бөрүлү” ээлесе, 3-орунга “Кожомкул” командасы татыктуу болгон. Ошондой эле "Эң мыкты оюнчу" наамы "Суусамыр" командасынын оюнчусу Кубаныч Султан уулуна тапшырылган.