Орусиялык “Роснефть” компаниясы менен “Манас” аэропорту мунайзат менен камсыз кылуу тармагында кызматташуу келишими Москвада кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында түзүлүп, кол коюлган. Ага ылайык, “Роснефть” компаниясы 2013-жылдын 15-майына чейин Кыргызстанга атайын өкүлчүлүгүн ачмак. Бул өкүлчүлүк инфраструктураны жана мунайзат менен камсыздоо максатында түзүлмөкчү. Ошондой эле комиссия “Роснофеттин” Кыргызстандагы “Манас” жана “Ош” аэропортторунун аймактарына мунай базаларын куруу долбоорун жактырган.