22- Апрель 2013 -жылы
Кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы Адилет Касеновду сот 8 жылга эркинен ажыраткан
Кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы Адилет Касеновду Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн режимде жаза өтөө чечимин чыгарган. Бул күнү сот өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө кирип, буга байланыштуу анын мүлкү конфискацияланмак. Адилет Касеновго “мыйзамсыз каражат чогултуу иштерине катышкан” деген айып коюлган. Ошондой эле ага карата мунапыс ченеми каралып, ага ылайык сот жаза өтөө мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн кыскарткан. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2012-жылдын 25-июлунан тартып эсептеле баштаган.