22- Апрель 2013 -жылы
МИ-8 тик учагы Ооганстанда конуп, кыргызстандык Нургазы Конушбаев талибдердин туткунунда калган
МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак менен Кабулга учуп баратып, Логар провинциясында авариялык конууга аргасыз болгон он адамды талибдер барымтага алган. Алардын ичинде кыргыз жараны, 47 жаштагы учкуч Нургазы Конушбеков да болгон.
Маалыматтарда Хост шаарынан Кабулга бара жаткан МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак Логар провинциясына келгенде катуу жамгырдан улам авариялык конууга аргасыз болгон. Ошол учурда талибдер аларды туткунга алышкан.
Барымтадагылардын жетөө Түркиянын атуулу, алардан башка Орусиянын, Кыргызстандын жана Ооганстандын бирден жараны болгон.
Нургазы Конушбеков учкуч болуп иштеп жүргөн МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак "Хорасан Карго Эйрлайнс" деген ооганстандык жеке авиакомпанияга таандык экени белгилүү болгон.