22- Апрель 2013 -жылы
Таласта "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүгө каршылык билдирген тынчтык митинги болуп өткөн
Таласта "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүгө каршылык билдирген тынчтык митинги болуп өткөн. Нааразычылык акциясы Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондо орун алган. Митингди “Талас эл ынтымагы” кыймылы уюштуруп, ага Бишкек шаарынын айрым экологиялык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, облус жетекчилиги, ЖМК өкүлдөрү катышкан. Андагы башкы талаптарынын бири “Жер-Үйдү” иштетүүгө 50 жылдык мораторий жарыялоо болгон.