23- Апрель 2013 -жылы Жантөрө Сатыбалдиев Орусияга болгон иш сапарында кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин 2-жыйынына катышкан
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Орусияга болгон иш сапарында кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин 2-жыйынына катышып, анда 2012-жылы эки өлкөнүн соода алакасы 2 миллиард долларды түзгөнү айтылган. Аталган кеңештин тең төрагасы Иван Поликов, кыргыз-орус ишкерлер кеңеши эки өлкө ортосундагы маалымат, тоо-кен, туризм, айыл чарба, кайра иштетүү тармагында долбоорлорду жана каржылык, банк системин жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну көздөөрүн айткан. Орусиянын Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов орус ишкерлери кыргыз экономикасына инвестиция салууга даяр экендигин, бирок өлкөдөгү саясий туруктуулукка ишеним жетпей жатканын билдирген. Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдө рейдерлик басып алуучулукка жол берилбей турганын, мыйзам иштээрин жоопкерчилик менен айта турганын билдирген. Ошондой эле иш сапарынын алкагында өкмөт башчы Сатыбалдиев Орусиядагы мекендештер менен жолугушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан