23- Апрель 2013 -жылы
Кытайдын батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда атышуу болгон
Кытайдын батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда атышуу болуп, 21 адам каза болгон. Окуя Бачу аймагында полиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардын арасынан мыйзамсыз курал алып жүргөн адамды издеп жүргөн маалда болгон. Өлтүрүлгөн 6 адам “кылмыштуу топтун мүчөсү” болушкан.