Москвадагы Сүрөтчүлөрдүн борбордук үйүндө кыргыз сүрөтчүсү Жылдыз Заркунованы эскерүү урматына “Аалам менен сүйлөшүү” аттуу көргөзмө ачылган. Көргөзмө Орусиянын “Сүрөтчүлөр союзунун Эл аралык конфедерациясы” коомдук бирикмелер ассоциациасы тарабынан уюштурулган.