
V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Замир Бекбоев Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “прикладдык математика” адистиги боюнча бүтүргөн. 1976-1980-жылдары Ленинград мамлекеттик университетинде тажрыйба байытууда болгон, андан кийин аталган университеттин аспирантурасында операцияларды изилдөө кафедрасында билим алган.
Эмгек жолун 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин прикладдык математика кафедрасында окутуучу болуп иштөө менен баштаган.
1980-1981-жылдары - Фрунзе политехникалык институтунун электрондук эсептөө борборунун начальниги болгон.
1984-1991-жылдары - ФПИ ЭЭМ кафедрасында окутуучу, улук окутуучу.
1991-1995-жылдары - Ишкерлердин Чүй областтык фондунун директору. 1995-1996-жылдары “Бабек ЛТД” ЖЧКнын директору.
1996-жылдын мартынан декабрына чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гуманитардык жардамдарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы.
1996-жылдын декабрынан 2005-жылдын ноябрына чейин - “Бабек ЛТД” ЖЧКнын аткаруучу директору.
2005-жылдын ноябрынан 2008-жылдын январына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси.
2008-жылдын январынан 2008-жылдын июлуна чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары.
2008-жылдын августунан 2010-жылдын сентябрына чейин Бишкек шаарынын вице-мэри болгон.
2010-жылдын октябрында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.