4- Май 1963 -жылы Жогорку Кеңештин V жана VI  чакырылышындагы депутат Бахадыр Сулейманов туулган

Жогорку Кеңештин V жана VI  чакырылышындагы депутат Бахадыр Сулейманов Казакстан Республикасынын Жамбул областындагы Жалпак-Төбө айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1985-жылы Новосибирь институтун “Коомдук тамак-аштын технологиясы жана уюштуруу” адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1985-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров нан комбинатынын өндүрүш башчысы болуп иштөө менен баштаган. 1986-1989-жылдары Киров коомдук тамактануу бирикмесинин өндүрүш башчысы болуп эмгектенген. 1989-1991-жылдары Чүй облусунда керектөөчүлөр бирлигинин директорунун орун басары, 1991-2001-жылдары  Кантта дүң-чекене жашылча-жемиш даярдоо кеңсесинин директору болуп иштеген.

2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары, 2003-жылы болсо аталган комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүндө иштеген.

1996-2000-жылдары Кант райондук эл депутаттар  кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2011-2015-жылдары “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин   депутат болуп шайланган.  

2015-жылдын 4-октябырында  “Ата-Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин   депутаты болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын мөчөсү.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

III- класстагы мамлекеттик кеңешчи класстык ченине ээ.

Алган сыйлыктары:

- Кыргызстан элдери ассамблеясынын 20 жылдыгынын урматына “Кыргызстан элдеринин тынчтыгын, ынтымагын жана биримдигин чыңдоого кошкон салымы үчүн” медалы;

- Орусия Федерациясынын мамлекеттик резервдер боюнча Федералдык агенттигинин “Мамлекеттик резервдерге 75 жыл” медалы.

- СССРдин эл артисти Хусейн Мухтаров атындагы эл аралык фонддун “Кыргыз Республикасынын алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн алтын медалы;

- Афганистан согушунун ардагерлеринин Республикалык кеңешинин “Афганистандагы согуштун ардагерлер Кеңешине 20 жыл” медалы;

- “КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жана анын органдарынын ишине активдүү катышкандыгы, эл аралык достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн” КМШ ПААнын Ардак грамотасы;

- “Парламенттик кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” КМШ ПАА достугу” ордени менен сыйланган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан