29- Апрель 1958 -жылы Америкалык актриса Мишель Пфайффер туулган
Америкалык актриса Мишель Пфайффер АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Ана шаарында туулган. Ал 1980-жылдардын башынан тартып тасма талаасына аралашып, бир нече кинодо тартылган. Бирок алар актрисага ийгилик алып келген эмес.1983-жылы "Лицо со шрамом" тасмасында роль жаратып, атактуулукка багыт ала баштаган. Ал эми "Леди-ястреб", "Иствикские ведьмы", "Замужем за мафией" фильмдериндеги ролдору Мишель Пфайфферге ийгилик алып келип, "Алтын глобус" сыйлыгына көргөзүлгөн. Кийин "Опасные связи", "Знаменитые братья Бейкеры", "Русский дом", "Фрэнки и Джонни", "Поле любви", "Эпоха невинности", "Бэтмен возвращается", "Волк", "Опасные мысли", "Что скрывает ложь" фильмдерине тартылып, "Алтын глобус", BAFTA сыйлыктарынын лауреаты болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан