30- Апрель 1961 -жылы
Антарктидадагы Новолазаревская станциясында советтик врач-хирург Леонид Рогозов өзүнө-өзү операция жасаган
Советтик врач-хирург Леонид Рогозов өзүнө-өзү операция жасаган. Антарктидадагы
Новолазаревская станциясында 27 жаштагы советтик врач-хирург Леонид Рогозов 29-апрель күнү өзүн жаман сезип, сокур ичеги болуп калган. Станцияда андан башка врач жок болгондуктан өзүнө-өзү операция жасоону чечкен. Метеоролог жана айдоочусунун жардамы менен операция 1 саат 45 мүнөткө созулуп, Леонид Рогозов сокур ичегисин алып салган.