Казакстандын туңгуч президенти (1990-жылдан бери), "Улуттун лидери" Нурсултан Назарбаев Алмата облусуна караштуу Чемолган айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Иш жолун 1960-жылы “Казметаллургстрой” ишканасында баштаган. 1990-жылы февралда Казак ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. 1991-жылы Казакстандын туңгуч президенти болуп шайланган. 1995-жылы шайлоо өтүп, Назарбаевдин президенттик мөөнөтү беш жылга узартылган. 1999-жылы бир нече талапкерлер катышкан шайлоодо, Нурсултан Назарбаев 80% добуш менен жети жылга өлкө башчысы болуп шайланган.