29- Апрель 2013 -жылы Казакстанда бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп, анда кыргызстандык Роман Садыржан уулу 1-орунду алган
Казакстандын Атырау шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп, анда кыргызстандык Роман Садыржан уулу 1-орунду алган. Финалда Роман Садыржан уулу 52 килограмм салмактагы казакстандык Баккожа Анаятуллаев менен беттешип, жеңген.
Дагы бир кыргызстандык спортчу Сергей Паренко 91 килограммдык салмакта күч сынашып коло медалга татыктуу болгон.
Мелдешке 10 өлкөдөн барган мушкерлер катышып, таймаштар 25-апрелде башталып 29-апрелде соңуна чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан