6- Июль 1946 -жылы АКШнын 43-президенти Жорж Буш (кенжеси) туулган
АКШнын 43-президенти Жорж Буш (кенжеси) АКШнын Коннектикут штатындагы Нью-Хэйвен шаарында туулган. Ал АКШнын 41-президенти Жордж Герберт Уокер Буштун уулу.
Жорж Буш 1968-жылы Йель университетинин тарых адистиги боюнча бакалавр дипломун алган. F-102 тик учактын пилоту болуп аскер кызматын өтөгөн. Мөөнөтүн аяктаган соң бизнеске киришкен. Ал 1986-жылга чейин иши жүрүшпөй, фирмасын "банкрот" кылып алган. 1986-жылдын июль айынан тартып иши жөнгө салынып, 15 млн. доллар иштеп таап, 1989-жылы "Texas Rangers" бейсбол командасын сатып алган. 1994-жылга чейин клубдун гендиректору болуп эмгектенген. Анан Техас штатына катары менен эки жолу губернатор болуп шайланган. Андан аркы тагдыры АКШнын Ак үйү менен байланыштуу. 
Жорж Буш 1977-жылы китепканачы Лора менен баш кошуп, Барбара жана Дженна аттуу эки эгиз кыздуу болушкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан