Cириянын 2012-жылы дайындалган премьер-министри Ваэль Надир аль-Халкининин өмүрүнө кол салуу болгон. Дамаск шаарындагы көчөлөрдүн биринде бара жаткан премьер-министрдин унаасын жардырууга аракет жасалып, бирок ишке ашпай калган. Жарылуу анын унаасынын жанында болуп, премьер-министр аман калган, бирок андан башка 13 адам каза тапкан.