2- Май 2013 -жылы
Кыргыз Республикасынын Көркөм гимнастика федерациясынын 20 жылдыгы белгиленген
Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Кыргыз Республикасынын Көркөм гимнастика федерациясынын 20 жылдыгы белгиленген. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, аталган федерациянын ардагерлери жана жаш таланттары катышышкан.
Бул саамалыктын алкагында көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпиондугу башталган. Анда 33 спортчу 3 топко бөлүнүп, күч сынашкан.