2- Май 2013 -жылы
Аламүдүн РИИБинин башчысынын ыкчам иликтөө иштери боюнча орун басары Талант Аттокуров кол алдында иштеген кызматкерин сабап салгандыгы үчүн кызматтан бошотулган
Аламүдүн РИИБинин башчысынын ыкчам иликтөө иштери боюнча орун басары Талант Аттокуров кол алдында иштеген кызматкерин сабап салгандыгы үчүн кызматтан бошотулган.
Аталган жооптуу кызматкер бир апта мурун участкалык милиция кызматкери Абдулла Алиевди сабаган. Жабырлануучу РИИБинин эки кызматкери кол көтөргөнүн айтып, “жетекчи чакырып жатат” деп бөлүмдүн короосуна алып кирип сабашты” деп көрсөтмө берген. Ал эми ИИМ жабырлануучу Алиев короодон эмес, өзүнүн иш бөлмөсүнөн сабалганын жана ага Талант Аттокуров да катышканын айткан.