Америкалык актёр, сценарий жазуучу жана режиссёр Сильвестр Сталлоне Нью-Йоркто төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Сильвестр Сталлоне Швейцариядагы америкалык колледжде окуган. Мекенине кайткан соң, актёр болууну чечип, Майамидеги университетте драмалык искусствону окуган. Окуусун бүткөндөн кийин Нью-Йорктогу театрларда иштеген.