
СССРдин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын генерал майору, Азербайжан президенти Гейдар Алиев Нахачеванда темир жолчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Өз карьерасын ал Ички иштер эл комиссариатында опер болуп иштөөдөн баштап, оперликтен Азербайжан ССРнин КГБсынын төрагалыгына чейин жеткен. 1969-жылы Азербайжан КП БКнын биринчи катчысы болгон.
Гейдар Алиевдин ысымы 1970-1980-жылдары Азербайжанда экономикалык өсүш, шаардыктардын турмушунун жакшырышы, улуттук интеллигенциянын жаралышы менен алыска угула баштайт. Бирок ошол эле учурда Азербайжан бюрократиясында ири коррупция пайда болгон. Алиевдин душмандары акырындык менен көбөйө баштаган. Андроповдон колдоо алса, Горбачевдун тушунда бийлик сересинен "ыргып кеткен".
1990-жылдын башында Бакудагы кандуу окуя учурунда союздун ардактуу пенсионери Г. Алиев бийликке нааразычылык билдирип, каршы чыккан. Ошол кезде мындай кадамга баруу чоң эрдик болчу. 1993-жылы саясий интригалардын арты менен Гейдар Алиев кайрадан бийликке келген. Көшөгө артында оюндарды уюштуруу менен ал шайлоодо Элдик фронттун жетекчисин да, козголоңчу премьер-министрди да жеңип алган.
Ал АКШ менен Орусиянын ортосунда бир топ иштерди "бүтүрүп келген". Каспий нефтисине кызыккан батыш корпорацияларынын кызыкчылыгы үчүн иштеп берген.
Анын саясий жеңиши Азербайжандагы саясий абалды стабилдештирүү менен көрүнгөн эле. Ички саясатта ал атаандаштарын, оппозиционерлерди ырайымсыз басмырлоо менен, ал эми тышкы саясатта Тоолуу Карабах боюнча Армения менен коогалаңды токтотуу келишимин түзүү жана мунай боюнча "кылым келишимин" түзүү менен жеңишке жетишкен.
Алиевдин айланасында миф жаралып, ал улут атасы атала баштаган, мындай кадыр-барктын жаралышына президент өзү да бир топ аракеттерди жасаган. Мисалы, ошол мезгилде Меккеге барып, зыярат кылып келген. Муну менен анын кадыр-баркы андан да жогорулап, окуу китептерине анын сүрөттөрү басыла баштаган.
1999-жылы АКШнын Огайо штатындагы Кливленд ооруканасында анын жүрөгүнө операция жасалган. 2003-жылы мартта кайрадан жүрөк оорусу кармап, Түркияда дарыланган эле. Бирок оорусу күчөп, АКШга кеткен. Ал өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн да АКШда ооруканада өткөрүп, 2003-жылдын 12-декабрда каза болгон.
2003-жылы президенттик тактыны премьер-министрге - уулу Ильхам Алиевге даярдап берген.
Азербайжан бийлиги адам укугу, сөз эркиндиги, демократиялык шайлоо жаатында катуу сынга алынып келсе да, президенти эли үчүн улуу инсан катары кала берди. Алиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына миллиондон ашык адам катышкан. Алар "атабыздан айрылдык, чоң атабыздан ажырадык" дешип, катуу аза күтүшкөн.
Зыяратка ошондой эле президенттер В.Путин, Л.Кучма, Н.Назарбаев, Н.Буржанадзе, Э.Шеварднадзе, А.Сезер, М.Ареф жана башка расмий өкүлдөр катышкан.