Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров 1975-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган.
Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад облусу боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган.
1998- 1999-жылдары "Жалал-Абад АА" корпорациясынын башкы бухгалтери;
1999- 2003-жылдары Жалал-Абад облфинбашкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн башчысы;
2003-2005-жылдары "Марьям и Ко" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
2005- 2010-жылдары "Дан-Юг" ЖЧКсынын директору.
2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;
2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлаган.
2017-жылы 13-декабрда Жогорку Кеӊешинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.