9- Май 1837 -жылы
“Adam Opel GmbH” автоунаа чыгаруучу компаниянын негиздөөчүсү Адам Опель туулган
“Adam Opel GmbH” автоунаа чыгаруучу компаниянын негиздөөчүсү Адам Опель Германиянын Рюссельсхайм шаарында туулуп, 1895-жылы 8-сентябрда 58 жаш курагында туулуп-өскөн шаарында көз жумган. Адам Опель 1863-жылы Германиянын Рюссельсхайм шаарында тигүүчү машиналарды чыгара турган фабрика ачкан. Кийин ал фабрикадан велосипеддер, ал эми 1899-жылы эң алгачкы авто унаа чыгарылган.