11- Май 1984 -жылы Испаниялык футболчу Андрес Иньеста туулган
“Барселона” футболлдук клубунун оюнчусу, испаниялык футболчу Андрес Иньеста Испаниянын Альбасете провинциясында туулган. Испаниянын курамында 2008, 2012-жылдары Европа чемпиону, 2010-жылы Дүйнө чемпиону аталган. “Барселонанын” курамында УЕФАнын ЧЛсын 3 ирет (2006, 2009, 2011), Испаниянын чемпиондугун 5 ирет (2005, 2006, 2009, 2010, 2011) жеңген.
“Барселона” үчүн 533 оюнда 53 гол, Испания үчүн 102 оюнда 12 гол киргизген.
2012-жылы Андрес Иньеста УЕФАнын версиясы боюнча "Европанын мыкты футболчусу" деп табылды. Бул наам үчүн күрөштө Иньеста мүмкүн болгон 54 добуштун 19ун алып, аргентиналык Лионель Месси (17 добуш) менен португалиялык Криштиану Роналдуну (17) артка таштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан