8- Май 1902 -жылы
Мартиника аралында Мон-Пеле жанар тоосу атылган
Франциядагы Мартиника аралында Мон-Пеле жанар тоосу атылып, андан пайда болгон күл жана газдан турган ысык, катуу шамал Сен-Пьер шаарын түп орду менен жок кылган. Шаардын бүт калкы (30 миңдей) кырылган. Ошол вулканды изилдөө үчүн келген окумуштуулар тобу да көз жумган. Аймактан 2 адам гана тирүү калган. Жер алдындагы абакта отурган Август Сибарус жана айыл четинде жашаган өтүкчү (денесиндеги күйүккө карабай ал дагы 34 жыл жашаган). Атылуу күчтүү болгондуктан, темирден жасалган эстеликтер алыска учуп кетсе, бир топ алыс аймактарда ысыктан улам сыралардын капкактары ачылып кеткен.