4- Май 2013 -жылы
Бишкек-Токмок багыты боюнча веложүрүш болуп, ага 4 жаштан 65 жашка чейинки велосүйүүчүлөр катышкан
Бишкек-Токмок багыты боюнча веложүрүш болуп өткөн. Катышуучулар саат 10:30да шаардагы айланып өтмө жолдун (объездная) Кант шаарына бурулган жеринен баштап, Токмок шаарындагы Бурана мунарасына чейин велосипед тээп барышкан. Иш-чарага 100дөй 4 жаштан 65 жашка чейинки велосүйүүчүлөр катышкан.