6- Май 2013 -жылы
Бишкектеги Баатыр комсомолдор эстелигин оңдоп-түзөө иштеринен кийинки ачылыш аземи болуп өткөн
Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Чүй көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Баатыр комсомолдор эстелигин оңдоп-түзөө иштеринен кийинки ачылыш аземи болуп өткөн. Ага мэр Иса Өмүркулов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Ленин райондук администрациясынын жетекчилиги жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен мектеп окуучулары катышкан.
Оңдоо ишине 280 миң сом каражат сарпталган. Бул каражатка эстеликтин сырты тазаланып, анын айланасына отургуч, гүл челектер, таштанды урналары коюлган.
Баатыр комсомолдор эстелиги 1963-жылы орнотулган. Анда граниттен жасалган, колунда куралы бар Кызыл армиянын орус аскери менен анын куралчан жана каскачан досу кыргыз жигиттин элеси чагылдырылган.