Бишкекте “Алтын Кен” компаниясында иштеген кытай кызматкерлерине кол салуу болгон. Кытай кызматкерлери ошол күнү аталган компанияда иштеген жумушчулардын айлык маянасын берүү үчүн банктан 2 миллион сом алышкан. Андан соң алар Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан “Лия” кафесине тамактануу үчүн киришкен. Саат 21:00 чамасында азиат түспөлүндөгү бейтааныш 3 жигит алар отурган столго келип, тапанча такоо менен кассир Ло Хаи Вандан акча салынган баштыкты алып качышкан. Ошондой эле алар бир ирет ок да чыгарышкан.